У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз драма театры репертуарын жаңы спектакль менен толуктайт


Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга карабай, репертуарын жаңы спектакль менен толуктоо алдында турушат. Алар орус классикасынан Ф.М.Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза" романынын негизинде инсценировкаланган "Мармеладовдор" спектаклин иштеп чыгышкан. Бул тууралуу театрдын расмий баракчасына жарыялашты.

"Урматтуу театр сүйүүчүлөрү! Бизде эң сонун жаңылык.Театрыбыздын репертуарына дагы бир мыкты спектакль кошулууда!!!
Ф.М.Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза" романынын негизинде инсценировкаланган "Мармеладовдор" спектаклин иштеп чыгып, көрүүчүлөргө тартуулоо алдында турабыз.
Которгон - КР эмгек сиңирген артисти Ж. Көчөрбаева
Режиссеру жана инсценировкалаган - Ш. Дыйканбаев
Сүрөтчүсү- С.Ниязакунов.
Кандай гана шарт болбосун, күжүрмөн эмгек менен спектаклди чыгарууга күч жумшаган чыгармачыл жамаатка терең ыраазычылык билдиребиз!" дейт маалыматта. Спектаклдин премьерасы качан өтөөрү тууралуу дагы кошумча маалымат берилээри айтылды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter