У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бала багып алгысы келгендер үчүн атайын сайт ачылат


Өткөн жумада биздин "Тагдыр" рубрикабызга бала асырап алгысы келген жарандын купуя каты жарыяланган эле. Аталган макала жарык көргөндөн кийин көп окурмандар бала асырап алуу ниети бар экенин ачык айтышып, асырап алуудагы документ иштери жеңилирээк болсо деген ниеттерин билдиришкен эле. Мына ушундай бала багып алууну каалаган жарандар үчүн  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бала асырап алуучуларга кызмат көрсөтө турган электрондук портал иштеп чыкты.

Маалыматка караганда, аталган порталда ата-энеси баш тарткан балдардын саны, жынысы, жашы жана улуту тууралуу маалыматтар жайгаштырылат. Аталган сайттын ачылышы бүгүн, 29-майда өтөт. 

Балдарды өлкөбүздүн жарандары бардык аймактарда онлайн көрсө болот. Андан тышкары бала асырап алууну каалаган адам ошол эле портал аркылуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрыла алат. Багып алгысы келген бала менен жолугушуу үчүн жана аны асырап алуу боюнча электрондук түрдө уруксат алса болот.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter