У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Пакистанда учак кулап, 76 адам каза болду...


Пакистан бийлиги мындан бир канча күн мурун коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чараларды жумшартып, ички каттамдарга уруксат берген эле. Ички каттам жанданаары менен шаардыктар орозо айт майрамына карата шаардан айылга каттай башташкан.

Тилекке каршы кудайдын улуу күнүн тосоор алдында бүткүл Пакистандыктарды нес кылган кырсык катталды. Тагыраагы 
22-майда Карачи шаарына жакын эл жашаган аймакка учак кулап түшүп, анын кесепетинен 76 адам каза болду. Учактын ичинде 91 жүргүнчү, экипаждын сегиз мүчөсү болгонун Пакистан бийлиги билдирди. "91 адамдан болгону үч киши аман калган, калгандары белгисиз болууда" дейт маалыматта. 

«А320» үлгүсүндөгү учак Карачиге Лахордон учуп келаткан жана коноруна саналуу гана секунддар гана калганда кулаган.
Карачидеги бардык ооруканаларда өзгөчө абал жарыяланды. Айрым маалыматтар боюнча учак жерге кулап түшө электе эле өрт чыга баштаган.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter