У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ресторанда той өткөргүм келбейт, бирок аргасызмын...


"Вирус коомдун макияжын жууп салды..."
Биз жалпы эл той өткөргөнгө абдан көнүп алганбыз. Бирибизден бирибиз өтүп той бергенди аябай жакшы көрө баштаганбыз. Кудай кесир кылбасын, акыркы кезде тойдон кача да баштадык эле. Негизи тойду килейген хандар отурбаган тактыга балдарын отургузуп өткөрүү баарынын эле колунан келбейт. Той өткөргөндөрдүн көбү колунда барлар же насыяга акча алып өткөрүп, элден келген кошумча менен кутулам дегендер. Негизи "бечелге жөтөлдүн кереги эмне" дегендей ушул бизге керек беле? Баарыбыз эле жакшы кийимдерибизди кийип тойдон тойго барып жүргөнүбүз менен чындыгында кандай турмушта жашап, кандай күн кечирип жатканыбыз бир кудайга маалым эмес беле. Ошол кооз жүзүбүздү, тактап айтканда коомубуздун алдамчы макияжын бир кичинекей вирус жууп салып, чыны менен эл өтө кыйналып жашаарын, арабызда канчалаган муктаж үй-бүлөлөр бар экенин эми билбедикпи...

"Той өткөргүм келбейт, бирок аргасызмын..."
Башканы коюп өзүмдөн баштайын. Бай эмес, өмүр бою дыйканчылык менен алектенип жан баккан карапайым адаммын. 3 уулум бар. Экөөнү рестораны жок эле кадимки кыргыздын салты менен үйлөндүргөм. Азыр кичүү уулум үйлөнөм деп жатат. Ал замандын талабына ылайык той өткөрөлү деп кыялданып жүргөн. Эми минтип кыйчалыш кырдаал башталып калганынан элди чакырып той өткөргүм келбей турат. Жөн эле үйлөнуп ал десем уулум капа болгон өңдүү. Карантин бүтүп, бей-жай турмуш келгенче күтө турам дегендей түрү бар. Мен негизи эле ошончо элди топтоп, жөн эле ашкере чыгым болуп той өткөрүүгө каршы адаммын. Бирок акыркы 5 жылда той өткөрүү болуп көрбөгөндөй өркүндөп кетпедиби. Мен да эл катары тойлорго барып жүрдүм. Жумасына жок дегенде бир той же 2-3 тойго чакыруу келет. Барбай коеюн десең таарынат, элден чыгасың дегендей. Карантинде отуруп ушул тууралуу ойлонуп, эсептеп көрсөм, 1 жылда орто эсеп менен 250 миң сомдон көп акчаны кошумчага бериптирмин. Эми мен ал кошумчаларды алуу үчүн алар тамак бергендей жерден тамак берип, алар өткөргөндөй той өткөрүшүм керек да туурабы? Көрдүңүздөрбү, тойду адамдар жыргаганынан эмес, талап болгон үчүн, элге бергенди алуу, эл катары болуу үчүн өткөрөт...Мен берген акчама кейиген жокмун, болгону чакыра турчу конокторум мени ресторандан сыйлабады беле, мен үйдөн сыйласам кандай кабыл алат деп кыжаалат болуудамын. Анын үстүнө үйдө ресторандагыдай шарт жок...Кемпирим да тойду ресторандан эле берген оңой, баарынан бир кутулабыз деп отурат. Ушинтип отурсак тойду, ысырапкорлукту токтото алабызбы?

(Редакцияга келген каттардан...)




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter