У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


25-майдан баштап кайсы тармактар ишке кирет? Арасында театр, музейлер бар...


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 21-майдан 25-майга чейин кайсы тармактын ишмердүүлүгү жандана турганын айтты.

Маалыматка ылайык, 21-майдан баштап ишке киргизилүүчү тармактар:

- Калкты тейлөө борборлору, Мамлекеттик каттоонун бардык тармагы ишке кирет;
- Автоунааларды тейлөөчү борборлор;
- Калкты тиричилик жактан тейлөө, техникаларды оңдоо;
- Эмерек чогултуу, эмерек жасоо;
- Соода борборлору, соода оюн-зоок борборлору иштейт. Андагы тамактануучу жайлардан жана балдар ойногон жайлардан башка жайлары ишке кирет;
- Азык-түлүк эмес товарларды сатуу жана пункттары ишке кирет;
- Автоунаа жана мал базарлары иштей баштайт;
- Жеке менчик репетитор кызматтары;
- Менчик мончо жана СПА-борборлору иштейт. Коомдук ири мончолор жана сауналарга уруксат жок;
- Мейманкананын иштешине уруксат берилет, бирок андагы бассейн жана спорт залдарын иштетүүгө тыюу салынат;

25-майдан баштап иштей турган тармактар:

- Соода-сатык чөйрөсүндөгү кийим-кече сатуучу жайлары. Бишкектеги "Дордой", "Аламүдүн", "Ош базары", Оштогу "Кара-Суу" жана башка аймактардагы ири базарлар;
- Коомдук транспорт, тагыраагы, автобус жана троллейбустар, маршруттук таксилер ишке киргизилип, жүргүнчүлөр сөзсүз түрдө бет кап тагынышы керек.
- 50 кишиден ашпаган кишиге ылайыкташкан жайкы кафе, ресторандардын иштөөсүнө уруксат берилет: Театрлар, музейлер, китепканалар, галереялар, маданий агартуу жайлары ачылат. Ошондой эле массалык иш-чараларды өткөрүүгө салынган тыюу күчүндө кала бермекчи...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter