У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Конор Макгрегор: "Абдулманап Нурмагомедовдун айыгып кетишин тилейм..."


25-апрелде Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов пневмонияга шектелип, ооруканага жаткырылгандыгы кабарланган. Учурда абалы оор деп бааланып жаткандыгына байланыштуу  UFC уюмунун атактуу ирландиялык мушкери Конор Макгрегор бир учурдагы "элдешкис душманым" деп атап жүргөн атаандашы  UFC чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедовго кубаттоо иретинде өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жакшы каалоосун жазып чыкты. 

"Абдулманап Нурмагомедовдун айыгып кетишин тилейм. Бул киши күрөштүн бардык түрү боюнча дүйнө чемпиондорун тарбиялаган чыныгы гений", - деп жазган Конор Макгрегор.  Мындан сырткары ирландиялык мушкер машыктыруучунун ден соолугуна байланыштуу бул кабарга кайгырып жаткандыгын белгилеген.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter