Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиядагы эң мыкты спортчу деп табылды
- 23.12.2021, 13:15,
- Спорт
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиядагы эң мыкты спортчу деп табылды. Бул тууралуу Борбор Азиядагы Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий Instagram баракчасында маалымдалды.
Ар бир олимпиадалык салмак категориясында жеңүүчүлөр тандалып алынган. Быйыл Тыныбекова Токио Олимпиадасында күмүш медаль тагынган, ошондой эле дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон.