У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акжол Махмудов Токиодо кийген спорттук формасын аукционго койду


  Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов Токиодо күрөшкөндө кийген трикону аукционго койду. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Instagram баракчасында жарыялады.
 
Анын айтымында, аукциондон түшкөн каражатты кайрымдуулукка жумшайт. Кызыккандар өз баасын сунуштай алышат. Аукциондун баштапкы баасы 50 доллар.
 
«Кичинекей кезимден эле Олимпиаданын алтын медалын жеңип алууну кыялданчумун, бул кыялым дагы деле күчүндө, ошондой эле муктаж болгондорго жардам берүү, өлкөбүздө спорттун өнүгүүсүнө гана эмес, элибиздин жакшы жашоосуна салым кошуу да кыялдарымдын бири эле. 
 
Токио Олимпиадасынан келгенден кийин элим үчүн жакшы иштерди кылууга даяр экенимди түшүндүм: мектеп, мечит, жол куруу, муктаж болгондорго жардам берүү.
 
Ал эми бүгүн кыялымды ишке ашыруу үчүн кайрымдуулук ишиме биринчи кадам таштагым келет!
 
Учурда жардамга муктаж болгондорго жардам берүү үчүн менде бир гана мүмкүнчүлүк - Олимпиадада кийген трикону аукционго коюу. 
 
Түшкөн каражатты кайрымдуулук фондуна которууну пландап жатам!
 
Баарыңар билесиңер, Токио Олимпиадасы менин биринчи Олимпиадам болду. Мен бир нече жылдан бери Бишкекте ижарага алынган батирде жашагандыктан, мамлекеттин сыйлык акчасына үй -бүлөмө үй сатып алууну пландап жатам. Мени колдошуңуздарды суранам!
 
Жакын арада элимдин жыргалчылыгы үчүн жакшы иштерди жасоого башка мүмкүнчүлүктөрүм болот деп ишенем!
 
Эгерде аукциондо Бишкек шаарынын тургуну утса, мен форманы жеке өзүм тапшырам. Аукциондун баштапкы баасы: 50 доллар.
 
Аукцион августтун аягына чейин уланат. (Бишкек убактысы боюнча 20:00до аяктайт)»,-деп жазды ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter