У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Орусияда өткөн көк бөрү беттешинде баш байгени Москва шаарынын командасы жеңип алды


13-июнда Орусиянын Сергиев Пасад шаарынын Благовещенск талаасында өткөн эл аралык көк бөрү беттешинде Москванын көкбөрүчүлөрү баш байгеге ээ болушту. 

Экинчи орунга Иркутск шаарынын командасы ээ болду. Кыргызстандан “Атуул” командасы үчүнчү ал эми Подольсктун көкбөрүчүлөрү төртүнчү орунду алды. Бул тууралуу Кыргызстан Көк бөрү федерациясынын басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова билдирди.

“Көк бөрүнүн маанисин эл аралык аренада көрсөтүп берүү үчүн Орусиянын Москва, Иркутск жана Подольск шаарларындагы командалардын ар бирине кыргызстандык экиден көкбөрүчү кошулуп ойноду. Бул иш-чара спортту өнүктүрүү максатын көздөйт”.

Турнир жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы кубок үчүн уюштурулган.
Көк бөрү таймашы Орусия жана Евразия элдеринин дене тарбия боюнча “Орус дүйнөсү” деп аталган бешинчи фестивалынын алкагында өткөрүлдү. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter