У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз спортчулары Ташкентте өткөн турниде 9 медаль утушту


Кармашып урушуу боюнча Кыргыз улуттук курама командасы 4-8-июнь күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөн VI чемпиондукта 9 медаль утуп алышты. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мелдешке 30дай мамлекет катышып, 200дөн ашуун спортчу күч сынашкан.

Натыйжада 1-орунду Рамис Кыдыралиев ээлеп, алтын медаль тагынса, 2-орунга Нуртемир Калысбеков жетишип, күмүш медаль утуп алды. Ал эми Чынтемир АширалиевАлмаз ЖолбоновАзат Куванычбек уулуМаксат ЧерикбаевБакыт БайжановТурат ЖолдошевАйсалкын Жаныбековалар 3-орунду ээлешти.

Ошондой эле таймаштагы көрсөткөн ийгилиги үчүн Кыяз Бакыт уулу жана Уланбек Урматов атайын дипломдор менен сыйланышкан.
Спорчуларды Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурлан Байкулов, кармашып урушуу боюнча башкы машыктыруучу Бек Тотошев жана Аскердик кармашып урушуу боюнча башкы машыктыруучу Чынтемир Аширалиев коштоп барган. Таймаштын алкагында бул жааттагы жигердүү машыктыруучулук ишмердүүлүгү үчүн Чынтемир Аширалиевге атайын сыйлык ыйгарылды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter