У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мушкер Орзубек Назаровдун "Кайрадан согуш" аттуу китеби жарык көрдү


Бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, кыргыз мушкери Орзубек Назаровдун автобиографиялык "Кайрадан согуш" аттуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу мушкер Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалым болгондой, орус жана кыргыз тилинде жарык көргөн китептин бет ачары 24-апрелде болмокчу.
"1983-жылдан бери көз алдымда болуп өткөн окуяларды жана кичинекей ачылыштарды күндөлүккө жазып жүрөм. Качандыр бир кезде өзүмдүн өмүр баяным тууралуу бүт дүйнөгө айтып береримди ички туюмум менен сезгем. Эгер ушул китептин сизге жол көрсөтүүсүнө уруксат берсеңиз, анда дүйнөнү бир аз башкача, мага окшоп карай баштайсыз деп ойлойм", - деп жазган мушкер.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter