Хабиб Нурмагомедов октябрь айында беттешке чыкмай болду
- 29.07.2020, 10:17,
- Спорт
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов атасы каза болгондон кийинки алгачкы беттешине чыкканга даярданууда. Ал америкалык мушкер Жастин Гэйтжи менен 24-октябрда беттешет. Бул тууралуу UFC уюмунун президенти Дана Уайт CNN басылмасына билдирген.
"
Хабиб менен Гэйтжинин беттеши 24-октябрда болот. Хабибге атасы каза болгондон бери оор болуп жатканын түшүнүп турабыз. Ал атасы менен өтө жакын мамиледе болчу", - деген Уайт.
Дана Уайт беттеш кайсы жерде өтөрүн айткан эмес.