ЖКнын тармактык комитети саламаттыкты сактоо министрлигине Баатырованын талапкерлигин жактырды
- 05.09.2022, 17:07,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 415
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 5-сентябрдагы жыйынында Гүлнара Баатырованын талапкерлигин саламаттык сактоо министри кызматына жактырды.
Эми Гүлнара Баатырованын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети карап, макулдугун берсе, парламенттин 7-сентябрдагы жалпы жыйынында каралат.
Президент Садыр Жапаров Баатырованы министрдин милдетин аткаруучу кылып 23-августта дайындаган.
Баатырова 59 жашта. Ал 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. 1986-1988-жылдары Бишкектеги №2 шаардык клиникалык ооруканасында, 1988-2001-жылдары Кара-Суу районундагы борбордук бейтапканада, 2001-2013-жылдары Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна директор болуп иштеген. Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык аккредитациялоо комиссиясынын төрагасы, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү жана Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы болгон.