Орусия Атамбаевди колдошу мүмкүнбү? Кремлдин жообу…
- 07.10.2020, 14:42,
- Саясат
- 789
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кремль Кыргызстандагы азыркы абалга тынчсызданууда жана чукул арада кырдаал турукташып, укуктук талаанын негизинде абал жөнгө салынат деп үмүттөнөт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 6-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
«Биз, Кыргызстандагы саясий кырдаалга тынчсызданып жатабыз жана Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр мыйзамдын алкагынан чыкпай, чукул арада бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун табат деп үмүттөнөбүз»,-деди Дмитрий Песков.
Ошондой эле ал, Кыргызстандагы абалды жөнгө салуу өлкөдөгү жарандардын тил табышуусунан көз каранды экенин айтты.
«Москва мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдошу мүмкүнбү?»- деген суроого, Песков Кыргызстандын президенти Жээнбеков экенин, өлкөдөгү саясий кырдаал ички диалог менен чечиле турганын айтты.
Песков Путин менен Жээнбековдун телефондон сүйлөшпөгөнүн тастыктады.