Путин: Россиянын бүтүндүгүн сакташ үчүн колубузда болгон каражатты сөзсүз пайдаланабыз
- 21.09.2022, 14:31,
- Саясат / Жаңылыктар
- 433
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Вашингтон Киевди согуштук аракеттерди Россиянын аймагына өткөрүүгө түртүп жатат. Аймактын бүтүндүгүнө коопсуздук жаралган учурда Россия колунда болгон бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Донбасс боюнча кайрылуусунда билдирди.
"Россиянын аймактык бүтүндүгүнө коопсуздук жаралганда өлкөнү, элибизди коргоо үчүн биз колубузда болгон каражатты сөзсүз пайдаланабыз. Бул куру сөз эмес", — деди ал.
Анын айтымында, Батыш Россияга каршы агрессивдүү саясатында бардык сызыктарды басып өттү.
Ошондой эле Путин Россия да өзөктүк куралга ээ экенин белгиледи.