У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Путин ооган качкындарын Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырууга каршы


Россия Ооганстандан келген качкындарды Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырууга каршы. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путиндин кечээ, 22-августа билдирүүсүнө таянып "Интерфакс" жазып чыкты. 
 
 Анын айтканына караганда, коӊшу өлкөлөр менен болгон визасыз режимди колдонуу менен согушкерлер Россиянын аймагына кире алышат. 
 
«Ооганстан жөнүндө азыр гана айтылды. Бул биздин коопсуздугубузга түздөн -түз тиешеси бар”, - деди ал жекшемби күнү "Бирдиктүү Россиянын” өкүлдөрү менен болгон жолугушууда.
 
Путин Батыш өлкөлөрү качкындардын АКШга жана башка өлкөлөргө виза алардан мурун аларды Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштыруу маселесин тынымсыз көтөрүп жатканын белгиледи.
 
«Качкындарды биздин коӊшу өлкөлөргө визасыз киргизсе болот да, өздөрү визасыз кабыл алууну каалашпайт. Бул көйгөйдү чечүүдөгү маскаралоо мамиле болуп саналат», - деп улантты Путин.
 
Анын айтымында, бул маселе дүйшөмбү күнү ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин жолугушуусунда жана башка жайларда талкууланат.
 
«Бул өлкөлөргө кирген качкындардын ким экенин кайдан билебиз.  Алардын арасында качкындардын атын жамыган согушкерлер болбойт деп айта албайбыз. Алар миңдеген, ал тургай жүз миңдеген, балким миллиондогон болушу мүмкүн. Бизде коӊшу мамлекеттер менен виза чектөөсү жок, чек ара миң километр. Согушкерлер биздин өлкөгө талааларды аралап деле кирип келиши ыктымал. Качкындардын атын жамынып согушкерлердин кайра бул жерге келишин каалабайбыз" - деди Путин.
 
Ошондой эле Путин 90 -жылдары жана 2000 -жылдардын ортосунда Түндүк Кавказда согуштук аракеттер болгонун кошумчалады.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter