БШК Ленин району боюнча депутаттыкка талапкер
Дамира Ниязалиеваны каттоону жокко чыгарып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.
Комиссиянын жыйынында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков сөз сүйлөп, талапкердин добуштарды сатып алуу фактылары тастыкталганын билдирди.
Жыйындын жыйынтыгында БШК мүчөлөрү депутаттыкка талапкер Ниязалиеваны каттоону жокко чыгарып, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул болушту.
Эскерте кетсек, алдын ала жыйынтык боюнча Дамира Ниязалиева Ленин бир мандаттуу округунан шайлоодо жеңген. Ал 6 миң 242 адам добуш алган. Бул шайлоого катышкан 17 миң 423 шайлоочулардын 35,83%ын түзөт.
Аталган округдан 124 миң 908 шайлоочу катталып, бирок добуш берүүгө 13,95%ы гана катышты. Башкача айтканда, 17 миң 423 адам шайлоого келген.
Ошондой эле, экичи орунду алган Улан Сариевдин дагы добушу жокко чыкты.
Натыйжада, эми чукул арада Ленин районунан кайра шайлоо болот...