Кыргыз өзү мансапка жакын калк экенбиз. Чөнтөгүзбүзгө ашыкча тыйын түшсө эле, эң кур дегенде депутат болгубуз келип шымаланып чыгабыз. Даремет деңгээлибиз ойлондурбайт. Максатыбыз эле чоң кызматка барып, өктөм сүйлөп эл башкаргыбыз келет. Өзүбүздү өзгөлөрдөн өйдө сезгенди жакшы көрөбүз. Менин көзүмдү эле карап турса дейбиз. Төшөгүбүзгө карап бут сунуп, мурдубузга ченеп бышкыруу деген жок. Алыбызга, акылыбызга карабайбыз.
Айтайын дегенибиз, 28-майда Бишкек шаарынын Ленин райондук бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңешке шайлоо өткөнү турат. Отуз талапкер ат салышууда. Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт болгондор толтура. Башкача айтканда, талапкер болушкан динчили, соодагери, камалып чыкканы, камакта жатканы, мурда шайланып кыйратпаганы, айтор, баарысы эле шайланып келсе, эл үчүн уктабай кызмат кылабыз деп ач айкырык салышууда.
Арасында мурда эки жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон, Саламаттыкты сактоо министрлигин аркалаган Дамира Ниязалиева да жүрөт. Министр, депутат болгондо кыйратпаган, саясатчы, же мамлекеттик ишмер болуп калыптана албаган, “эт эмес же чел эмес соодагер неме”, жүрөт кайрадан мансап эңсеп... Буга дейре өзүнүн туулган жери Жумгалдан жыдып, Мирлан Самыйкожого утулуп калган эле. Эми минтип жыгылган күрөшкө тойбойт болуп, кайрадан шаардан талапкер болуп чыгып алыптыр.
Бир кезде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аркасы менен КСДП партиясы аркылуу Жогорку Кеңешке депутат болуп жылдызы жанган. Кийин Атамбаев бийликтен кеткенде, КСДП партиясын кыянаттык менен экиге бөлүп, Асылбек Жээнбековдун айтканын кылган Сагынбек Абдрахмановдун "СДПК без Атамбаева" деген ураанын колдоп кеткен. Бул деген саткынчылык эмеспи?.. Анан ушундай ишенимсиз, туруксуз, өзүнүн гана бизнесин коргоо үчүн бийликке жулунган адамдар, кантип эл үчүн иштеп жарытмак эле?...