Равшан Жээнбеков президент Жапаровду сынга алып, калыстыктан тайганын билдирди...
- 16.05.2023, 09:51,
- Саясат / Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ленин району боюнча депутаттыкка талапкер, камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков Садыр Жапаровдун талапкерлер менен жолуккан учурда айткандарын сынга алды.
Равшан мырза өз сөзүндө: "Садыр Жапаров бизди шайлоого катышуу үчүн каттадык, ошого ыраазы болсун деп айтты. Ал эми сыртка чыгарууну укук коргоо органдары чечет деди. Укук коргоо органдары чечпейт. Анткени президенттин сөзү, буйрук бергендей болду. Бизди шайлоого катыштырып жаткандай болгон менен күлүккө кошулган аттын төрт аягын тушугандай мамиле кылып жатышат. Конституцияда баарына бирдей шарт түзүү укугу каралган. Булар тескерисинче бизди каттап, бирок шайлоого катыштырбоонун аракетин көрүүдө...", - деген пикирин айтты.