У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткен. Айлыгын алалбай курулушчулар нааразы...

 
Баткен шаарында облустук администрациянын алдында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү курган жумушчулар эмгек акысы берилбей жаткандыгын айтышып нааразылыкка чыгышты. Алар Достук айылын калыбына келтирген өзбекстандык ишкер 7 миллион сомдон ашык акчаны алып качып кеткенин айтып, аны менен келишим кандай шартта түзүлгөнү тууралуу түшүндүрмө берилишин талап кылышты.

Нааразылыкка чыккандар менен президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев жолугуп, эки күн убакыт берүүнү, Өзбекстан менен байланышып ишкерди табууга аракет жасаларын убада кылды.

Өткөн айда бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, Баткенде калыбына келтирүү жумуштарынын абалы жакшы эместиги айтылган. Анда жалпы жумушту "Аманат курулуш инвест" компаниясы алып, бирок ал "Доор курулуш" деген субподрядчыга берип, алар бештен-ондон кылып дагы башка жалданма компанияларга таратып салганы, эки айда бүтүрөбүз деген жумуш бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй жатканы сынга алынган.

Тилекке каршы, андан бери абал өзгөргөн жок. Жыйынтык нөл. Эске сала кетсек, 2022-жылы 14-17-сентябрдагы тажиктердин куралдуу кол салуусунан Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз абалга келген.

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Кыргызстан кандуу кагылышта 60тан ашуун жаранынан айрылган. 200дөн ашуун адам жарадар болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter