У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балбак Түлөбаев: Блогерлерди журналисттерден ажыратыш керек


Мыйзамсыз блогерлерди журналисттерден ажыратыш керек. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айтты. 
 
«Айрым блогерлер президентти жамандап, ар кимди кемсинтип жатышат», — деп билдирди депутат Балбак.
 
Депутат бүгүн бир блогер шантаж үчүн кармалганын, блогерлер мамлекеттик органдарга барып, текшерип, аларды иштетпей жатышканын билдирди.
 
«Биз бир чечимге келип, блогерлерди ЖМКдан ажыратышыбыз керек. Мыйзамсыз блогерлерди журналисттерден ажыратыш керек. Депутаттар жөнүндө кандай гана сөздөрдү айтышпады. Биз жөнүндө кандай сөздөр айтылбасын, чыдайбыз. Маселени чечүүгө убакыт келди”, — деди Түлөбаев.
 
Ошондой эле ал блогерлердин сөгүнө турганын, депутаттарды жашоого үйрөтүп жатканын кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter