У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нурлан Сулайманов ак каргабы, эмнеге куспайт?


Колунда турган кесени оңдуу кармай албай, ырыскысын төгүп алган Сооронбай Жээнбеков бийликтен куулуп кеткен Октябрь окуясына 2 жарым жылдын жүзү болду.

Бул аралыкта бийликтин эгелерине айланган эки доско өлкөнү алдыга жылдыруу, коррупционерлер менен күрөшүүгө кеңири укук, мүмкүнчүлүк берилди.

Натыйжада, канчалаган чиновниктер коррупцияга айыпталып камалып, модага айлангандай "кусканы кусушту". Эл "кусундуга" кол чаап ыраазы.

Тилекке каршы, "кускандар" текши болбой жатканы боюнча дагы нааразы пикирлер арбын айтылып келет. Балким, алар коомго көрсөтпөй өз каалоолору менен көмүскөдө кимдир бирөөлөр үчүн кусуп беришкенби, айтор белгисиз.

Маселен, мурдагы Транспорт жана жол министри Нурлан Сулаймановду алалы, учурунда Башкы прокуратура тарабынан мамлекетке 249 млн. 675 миң 600 сомдук ири өлчөмдө зыян келтирген делип, коррупцияга айыпталып кылмыш иши козголгон. 

Эмнегедир, кускан жок. Башкы прокуратура коррупция боюнча айып таккан адам, жеп-ичкенин мамлекетке кайтарып, башкалардай мыйзам алдында жооп бербей тайраңдап жүргөнү акылга да, мыйзамга да сыйбайт эмеспи?.. 

Эмне мамлекеттин акчасын жеп, тоноп качып кетип, анан убакыт өткөзүп туруп, акырын жылып кирип Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун колтугунан жылуу орун таап, көшөгө артындагы көмүскө кеңешчиси болуп алса эле, кол тийгис ыйыкка айланып калабы? 

Мыйзам баарына бирдей иштесин да. Камчыбек Ташиев мамлекетти тоногондордун баарын эле камап, кустуруп келип, Нурлан Сулаймановго келгенде эле "тиши өтпөй" калганы түшүнүксүз. Балким, кустуруу иши жең ичинен бүттүбү? Ушул боюнча расмий айтып койсо болот эле, эмнеге Сулайманов ак карга экенин?.. 

Кызыгы, Нурлан Сулаймановдун баласы Эльдар Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаты болуп отурат. Болгондо дагы Ташиевге караган "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат. Мүмкүн маселенин түйүнү ушул жерде жаткандыр... 

Бардан дагы атасы Нурлан Сулаймановдун бир кездеги "былыктарын" калкалап турайын дегенби, же атасынын кеңеши аркылуу анын изи менен көмүскө иштерге мурдун тыкканга ыңгайлуу дегенби, Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү болуп алыптыр. Иттин өлүгү жыттанган жокпу? 

Бул ата-бала отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөндөрдөнбү? Анда мыйзам кайда калат?


Пикир калтыруу
The  biggest web slots – a perfect blend of thrill and entertainment.  สล็อตค่ายใหญ่
A reliable slot is  essential; no one likes dealing with breakages.  สล็อตเว็บตรง  แตกง่าย
I just need to disclose to you that I am new to weblog and unquestionably enjoyed this blog website. Likely I'm going to bookmark your blog . You completely have magnificent stories. Cheers for imparting to us your blog.  เว็บสล็อตทุกค่าย
It is great, yet take a gander at the data at this address. สล็อตโรม่า
Two full thumbs up for this magneficent article of yours. I've really refreshing examining this article today and I figure this might be a champion among other article that I've scrutinized yet. If its all the same to you keep this work proceeding in a comparative quality. ป๊อกเด้งออนไลน์
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter