У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан Россиядан 15-апрелден баштап электр энергиясын сатып ала баштады...


Россиянын "Интер РАО" энергетикалык компаниясы Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштады. Бул тууралуу "Прайм" агенттиги аталган ишканага таянуу менен менен жазды.

Электр тогу Казакстандын Бирдиктүү энергетикалык системасы аркылуу транзит менен жеткирилет.

"15-апрелден тарта тарыхта биринчи ирет Россия Кыргызстанга электр энергиясын жөнөтө баштады. 2024-жылдын мартына чейин 900 миллион киловатт-саат экспорттоо пландалууда. Азыркы учурда жеткирүү саатына 400 мегаватты түзөт. Жеткирүүнүн көлөмүн аныктоочу негизги фактор Казакстандын Бирдиктүү энергосистемасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү болуп саналат. Эгер транзиттин көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жаралса, Россия тарап Кыргызстандын бардык дефицитин жаап берүүгө даяр. Учурда тартыштык 3 миллиард киловатт-саатка чейин жетет деген маалымат бар", — деп жазылат билдирүүдө.

"Интер РАО" — Россиядагы жана Европа, КМШдагы активдерди башкаруучу диверсификацияланган энергетикалык холдинг. Ошондой эле Россияда электр энергиясын экспорт-импорттоо менен алектенген жалгыз оператор.

Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков Кыргызстан Россиядан электр энергиясын сатып алып жатканын тастыктап, бирок канча сомдон алып жатышканын так айтпастан, баасы атаандаштыкка төп келет деген туюк жообун билдирип, тариф өзгөрбөй турганын белгиледи.

Кыргызстан Россиядан электр энергиясын сатып алып жаткан келишим 875 миллион кВт-сааттык көлөмгө түзүлгөн. Жылдын соңуна чейин 500 миллион кВт-саат электр кубатын алуу пландалууда, калганы 2024-жылдын башына пландалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter