Садыр Жапаров: “Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик...
- 14.04.2023, 11:59,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 4
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде “Кабар” маалымат агенттигине маек берди. Маекте учурунда журналист мамлекетке өткөн “Аю” компаниясы тууралуу суроо берди. Жапаров “Аю” компаниясы таза иштебегенин айтты.
““Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. "Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек" деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат”,-деди Садыр Жапаров.