У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ырыс Жекшеналиев: “Хандын көзүн көргөн өлбөйт” президентке ачык кайрылуу!


 Урматтуу Садыр Нуркожоевич, мен Сизге Кыргыз Республикасынын жараны, анын ичинде укук коргоо органдарынан, сот системасынан запкы жеген адам катары кайрылууну туура көрдүм. Бүгүнкү күндө камакта болгонума толук 9 ай болсо, анын 3 айын абакта өткөрдүм. Бир күндө кылмыш ишин токуп, сот өткөрүп камакка алышты. Камакка алынганымдын себебин менин курчтугума, мүнөзүмө сыпатташты. 
 
Мени бүгүнкү күндө КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 278, 327-беренелер менен айып тагып, бийликти басып алууга айыптап турушат. Менин бейиши болгур таянар аска зоом чын дүйнөгө узар алдында — «Мен каза болгондон кийин бул конвертти ачып окуйсуң, ага чейин кепиндеп жатканда ак байпак кийгизип кой», — деп керээзин калтырган. Көп өтпөй ал киши да узап кетти, айтканындай биринчи тапшырмасын аткарайын десем, молдо динде тыюу салынган деп каршы чыкты. Коюп келдик, айткан керээзин аткара албай калдым деп кейип отуруп конвертти ачсам, «Ырыс, көкүрөк күчүгүм, көрдүңбү, жада калса өзүң менен ак байпагыңды да алып кете албайсың. Андыктан бул жашооңдо байлык, бийлик, мансапка кызыкпа», - деген экен (ток этер жери).
 
Атамдын айтканы мен үчүн ыйык, мен анын биринчи керээзин аткара албасам да, экинчи буйругун жашоомдо принцип катары карманам. Мүмкүн Кудай алдында, Сиздин алдыңызда айыбым бардыр, бирок мыйзам алдында кымындай да күнөөм жок.
 
Камакта отуруп жакындарыма «Кайрылуу кылбагыла, митинг, ар кандай азгырык болгон акцияларга чыкпагыла, колдонуп кетет», - деп санаа тартып жазып жаттым. Алар аткарышты, жан дүйнөсү өрттөнүп турса да, көчөгө чыгышкан жок. Бул менин бийликти басып алууга максатым жок экендигине далил.
 
Бала деген баладай, башы-көзү чарадай болгону да жакшы. Мен мүмкүн жаштык, тентектик кылып, күүлөнүп ката кетирип алгандырмын. Бирок, ал катам үчүн жетиштүү жазамды алып, өзүмдүн, апамдын, жакындарымдын ден-соолугун берип чыктым деп эсептейм. Бүгүнкү күндө жүзүм жарык.
 
Камалганыма себеп болуп берген «Жетим-Тоо» темир кени жөнүндө кыскача кыстырма. Дүйнө жүзү боюнча экинчи орунду ээлеп темир кендеринин эң ири жана анын сапаты жагынан эң жогорку көрсөткүчтө бааланып келген. Ал Ысык-Көл (Жети-Өгүз) менен Нарын дарыясынын ортосунда жайгашып, узундугу 70 километрди түзсө, туурасы 10 кмга созулган. «Жетим-Тоо» Чаар жол, Даңгы, Молдо-Башы-1, Молдо-Башы-2 болуп төрт участокко бөлүнөт. Даңгы деген бир участогун гана алып иштеткенибизде мамлекеттик бюджетке жылына 200 миллион АКШ долларынан ашык сумма түшүп турат. Бул жакшы жагы. Ал эми мен кооптонгон жагы жогоруда аты аталган мамлекетибиздин сыймыгы болгон көлүбүздү мындай кой, Нарын дарыясын, аны түзгөн Он арча, Кажырты, Көкөмерен, Чычкан, Кичи Нарын, Узун акмат жана башка ушул сыяктуу сууларын булгайт деген тынчсыздануу гана болгон. Чынында экологияга терс таасирин тийгизбей койбойт. Өмүр булагы — суу дегендей, анын баасы чексиз. 
 
Кумтөр кенине жакын жайгашкан Молдо-Башы участогунда кылымдар бою турган таза суунун запасы, башкача айтканда мөңгү бүгүнкү күндө ээрип жок болду. Мен бул кендин иштетилишине бүдөмүк ойдо болуп турдум. Анткени, суу запасынын азайып, мөңгүнүн ээриши эле эмес, тээ Сыр-Дарыянын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн Нарын дарыясынын, көл берметинин булганышын да эске алдым. Кылымдарды карыткан ата-бабаларыбыз эл башы болгончо, суу башы бол деп бекеринен айтпаса керек. Мен бул кенди келерки муун жаңы, экологиялык техника менен мамлекеттин пайдасы үчүн иштетишин кааладым.
 
Мен сизди да туура түшүнүп турам. Бул жасап жаткан иштериңиз келечек муундун жаркын, эркин, көз карандысыз жашоосу үчүн. Демек, сиз экөөбүздүн багытыбыз ар башка болгону менен, барар жерибиз бир экен. Болгону тийиштүү органдардан түшүндүрүү иштери чабал болуп, коомчулуктун будуң-чаңга түшүшүнө себепчи болуп беришти. Бул жерде менин эмес, мына ошол мамлекеттик кызматкерлердин күнөөсү бар. Мындан улам өлкөнүн гаранты катары сиздин адилеттүү чечим тарых үчүн өтө маанилүү экенин эске салгым келет. Күндөр өтө берет, убакыт учат. Түбөлүгүбүздү ойлоо керек. Кыргызда “Хандын көзүн көргөн өлбөйт” - дейт эмеспи. Анысы кандай падыша катары эл ичинен өсүп чыгып, келечекке кызмат кылам деген кыргыздын бычакка сап уулунун шагын сындырбайт деп сизге толук ишеним артып кайрылып турган убагым. Манас баатырлыгы үчүн эмес, айкөлдүгү үчүн даңкталып келет.
 
Мен студентмин. Буга чейин энергетика багытын бүтүрүп, бүгүнкү күндө юриспруденция адистигин таптап жатам. Жогоруда айтылбай калгандарды кийинки соттук процессимде айтам. Эгер адилеттүүлүк орноп, ишим калыс чечилип, акталып чыксам окуумду улантам. Күздө жалбырагы куюлуп түшкөн чыңар дагы жаз келгенде шагын ийген дарак болот. Заман зуулдап учуп, доор алмашат. Артыбызда биздин бүгүнкү чечимдерибиз гана тарых болуп муундан-муунга калат.


Пикир калтыруу
I feel  like a kid in a candy store, but with the biggest web slots. Where do I  start.  สล็อตเว็บใหญ่  สุด
I've been on the  lookout for slots that won't break easily.  เว็บสล็อตแตกง่าย
I went onto your blog while centering just marginally submits. Decent procedure for next, I will be bookmarking without a moment's delay grab your entire ascents...  เว็บรวมสล็อตทุกค่าย
Can pleasantly compose on comparative themes! Welcome to here you'll discover how it should look.  สล็อตโรม่า
I for one utilize them solely astounding components : you will see these people amid: Pokdeng
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter