У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Орусиядан 3 күндө 136 кыргыз жаранын депортация болду


 Орусиянын Сахароводогу миграция борбору аркылуу үч күндө Москва жана Москва облустарында жашап, иштеп жүргөн 136 кыргызстандык мигрант депортация болду.
 
Мекенине күчтөп кайтарылган кыргызстандык 136 жарандын ар бирине кеминде 3-5 миң же 10 миң рублден айып салынган.
 
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубандык Акматбеков мигранттарды жапырт чыгаруу жүрүп жатат деген сөздү четке какты.
 
Былтыр сентябрда Орусияда мигранттардан эмгек келишимин, жашаган жери боюнча миграциялык каттоону, медициналык кароодон, дактилоскопиялык текшерүүдөн өтүүнү талап кылган эрежелер күчүнө кирген.
 
Кыргызстандыктар миграциялык каттоого туруу - негизги маселе бойдон калып жатканын айтып, даттанышууда.
 
Былтыр 21-августта Ульяновскидеги катуу жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган.
 
Каза болгон 14 адамдын ичинен бешөө Баткен, бешөө Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары болгон. Аварияга учураган кичи автобустагы кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына келип, кайра кайтып баратышканы кабарланган.
 
Булак: Азаттык


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter