У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коррупцияга шектелип Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалды


УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан Транспорт министрлигине караштуу Салмак көзөмөл департаментинин Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик контролдоо постунда туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, Транспорт министрлигинин кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан тоскоолдуксуз өткөрүү жана ташылып жаткан жүктүн уруксат берилген чегинен ашкан салмагын жашыруу үчүн акча талап кылган. 
 
«Ашыкча салмактын категориясына жана даражасына жараша посттун кызматкерлери ар бир унаадан 500 сомдон 10 миң сомго чейин акча каражатын алып турушкан. Бул кылмыштуу ишке Транспорт министрлигинин борбордук аппаратынын Транспорттук көзөмөл башкармалыгынын айрым кызматкерлери да катышып, алар аралыктан мониторинг жүргүзүү жана жүк ташуучу унаалардын ашыкча салмагын белгилөө менен бирге, бузууларды жашыргандыгы үчүн посттун кызматкерлеринен системалуу түрдө “өз үлүшүн” алып турушкан»,-деп айтылат маалыматта. 
 
 Ошондой эле, бул коррупциялык схеманын уюштуруучулары өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин тоскоолдуксуз ишке ашырып туруу максатында КР УКМК кызматкерлерине жашырып туруу өтүнүчү менен кайрылып, бир нече жолу пара берүүгө аракет кылышкан, бул аракеттери да белгиленген жана документтештирилген.
 
“Ушул жылдын 4-апрелинде жүк ташуучу унаанын айдоочусунан ашыкча салмак үчүн 5 миң сом өлчөмүндө кезектеги параны алып жаткан жеринен Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик контролдоо постунун 8 кызматкери, ошондой эле посттун улук нөөмөтчүсү, транспорттук көзөмөл башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул иш боюнча жалпысынан КР Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалды”,-деп кошумчалады атайын кызматтын басма сөз кызматы. 
 
Учурда  тергөө иштери уланууда.  

 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter