У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нарынбек Молдобаев: "Россиядан кол үзбөшүбүз керек..."


 Учурда дүйнөдө саясий-экономикалык кырдаал, дипломатиялык алакалар кыйла өзгөрүп жатат. Буга Россия менен Украинанын ортосундагы согуштун таасири себеп болуп жатканы маалым. Мына ушундай кыйчалыш мезгилде Кыргызстандын тышкы саясаты кандай жүрүш керек деген өңүттө Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон, коомдук ишмер Нарынбек Молдобаев менен азыноолак маек кылдык. 
 
– Нарынбек ага, учурда Россия менен Украинанын ортосундагы согуштан улам, геосаясатта чоң өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Ушундай шартта Кыргызстандын тышкы саясаты кандай өңүттө болуш керек?
 
– Конституция боюнча тышкы саясатка президент жоопкер. Өлкөнүн саясий багытын президент аныктайт. Ким менен алакада болобуз, ким менен кандай багытты карманабыз президенттен көз каранды.
 
Ал эми Россия менен Украинанын ортосундагы согуш качан аяктайт айтуу кыйын. Бизге андагы болуп жаткан бир эле окуя ар түрдүү өңүттө айтылып, жетип жатат. Европа, Америка өздөрүнө ыңгайлуу жагын берет, Россияныкы таптакыр башка ракурстан айтылат. Кимге ишеничти билбейсиң. Андыктан баа бериш оор. 
 
Мына ушундай шартта Кыргызстандын тышкы саясаты кандай болуш керек деген маселеде, өйдө тартсаң араба сынат, ылдый тартсаң өгүз өлөт болгон кыйчалыш кырдаал өкүм сүрүүдө. Бул жерде өтө кылдат дипломатиялык мамиле талап кылынат. 
 
Образдуу айтканда, отко өтө жакындасаң күйүп кетесиң, өтө алыстасаң тоңуп каласың. Ошондуктан, Россия биздин эң жакын стратегиялык өнөктөш өлкө болгондон кийин өтө ысык да, суук да эмес жылуу мамилени сактап иш алып баруу абзел. 
 
Ошондой эле, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу ирегелеш коңшулар менен дагы кылдат, сый мамиле керек. Дүйнөдө интеграция процесстери жүрүп жатат. Биз мындай абалда коңшулар менен биригип кете албайбыз. Андай саясат бизге максаттуу эмес. Бирок, өтө жылуу мамилени сактап, сый болушубуз кажет. 
 
Ошол эле тили, дини бир делген Турция менен да туугандык алакада өтө ашыкча кетпей, дипломатиялык мамилени сактап саясат жүргүзгөнүбүз жөндүү. Турциянын максаты – түрк тилдүү өлкөлөрдүн "Туран" аталышындагы саясий, аскерий блогун түзүү болуп жатат. Бул канчалык деңгээлде ишке ашчу маселе жана ага Кытай, Россия, ошол эле Европа кандай карайт деген чоң саясат жатат.
 
Учурда Кыргызстан мүчө болгон ШКУнын арышы кеңейип, кулачы узарууда. Долларга каршы бир вальютага өтүү сыяктуу маселе козголууда. Андыктан Кыргызстандын көп векторлуу саясаты өлкөнүн келечегине зыяны тийбегендей шартта жүрүшү милдет. 
 
Себеп дегенде, Кыргызстандын экономикасы, социалдык оош-кыйыш маселелери стратегиялык өнөктөш деп саналган Россия менен тыгыз байланышкан. Миллиондогон мигранттарыбыз иштеп жүрүшөт. Жылына эки миллиард доллар акча которуп жатышат. Бир топ азык-түлүк, курулуш материалдары, нефти продукция дээрлик 99% Россиядан келет. Анын баарын Россия токтотуп койсо Кыргызстандын абалы эмне болот? Кыргызда алыскы туугандан жакынкы кошуна артык деген кеп бар. Мына бул жагын да ойлойлу. Андыктан Россиядан кол үзбөшүбүз керек. 
 
– Деги эле ошондо Россия менен Украинанын ортосундагы согуш Кыргызстандын экономикалык, саясий багытына кандай таасир тийгизип жатат? 
 
– Абдан чоң эле таасири тийип жатат. Мигранттардын которгон каражаты кескин кыскарды. Өзүбүз эч нерсе өндүрбөгөн соң, көпчүлүк товарды сырттан ташып келгендиктен кымбатчылык каптап, азык-түлүктүн, деги койчу баардык товардын баасы 2-3 эсеге өстү. Батыш, Европа, Америка Россия менен болгон алаканы солгундатууну көздөп, ар түрдүү шылтоо менен санкция киргизебиз деп коркутуп, коңгуроо кагып жатат. Айтор, саясий да, экономикалык жактан да кысым болуп жатат. 
 
Мен өзүмдүн үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу бир фактыны айтайын. Кызым Франциядагы Парижде жайгашкан архитектура багытында дүйнөдөгү эң мыкты делген жакшы бир жогорку окуу жайына өттү. Өз күчү менен окуп, 3-4 тил үйрөнүп. Анан окуу башталган кезде Кыргызстан Россия менен достук мамиледе, өнөктөш болот экенсиңер деп окууга кабыл албай койду. Мына бул кичинекей эле бир факты. Бирок маселенин тамыры тереңде жатпайбы? 
 
Ошол себептен, өзгөчө азыркы учурда тышкы саясатта көрөгөчтүк, өтө кылдаттык, дипломатиялык чеберчилик керек деп айтып жатпаймынбы...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter