У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Прокуратура Мамкурулуштун Ош башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду


 Прокуратура Мамкурулуштун Ош облустук башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.
Бөлүм тарабынан «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдын талаптарынын аткарылышы текшерилди.
 
Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Масалиев жана Алай көчөлөрүнүн боюнда курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө мыйзамсыз архитектуралык-шаар куруу корутундуларын беришкени аныкталды.
 
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter