У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Паспорт мафиясына каршы күрөш". Министр Талантбек Иманов кадрдык тазалоону баштаганын айтты


 Бир жыл мурда санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов “паспорт мафиясына” каршы күрөшүүнү демилгелеген.
 
Анын алкагында Калкты каттоо башкармалыгынын Ош шаарындагы, Ноокат, Араван, Кара-Суу, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы түзүмдүк бөлүмдөрүндө бир катар текшерүүлөр жүргүзүлдү. Бардык текшерүүлөрдүн жүрүшүнө прокуратуранын, УКМКнын жана Ички иштер министрлигинин аймактык органдарынын кызматкерлери тартылган.
 
Министр Имановдун айтымында, бул текшерүүлөрдүн негизинде жооптуу адамдардын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына 27 материал берилген, анын ичинен 9у улуттук паспортторду мыйзамсыз берүү, 15 материал туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана улуттук паспортторду берүүгө негиз болгон документтерди жасалмалоо, экөө пара алуу, бирөө жасалма кызматкер фактысы боюнча болгон.
 
“Министрлик тараптан кадрдык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кадрдык чечимдер кабыл алынып, бир катар жетекчи кызматтарда иштегендер кызматынан бошотулду”-, деди министр.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter