У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик Кыргызстандын жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырды


     Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына убактылуу Тажикстанга барбай турууну сунуштайт. Бул тууралуу билдирүү Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.
 
Маалыматка ылайык, тажик тарап расмий билдирүүсүз кыргызстандыктардын Тажикстанга кирүүсүн чектөөнү улантууда.
 
Кыргызстандын элчилигинин маалыматына караганда, чек арачылар Дүйшөмбү эл аралык аэропортуна келген кыргызстандыктарды киргизбей жатышат. Ошондой эле авиабилеттерди сатып алуу жана транзиттик зонада кайтып келүүчү рейсти күтүүгө байланыштуу кошумча каржылык чыгымдар пайда болууда.
 
Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:
 
0999 31 20 02 (Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Бишкек шаарындагы Консулдук башкармалыгы);
 
+992 887 78 22 23 (Дүйшөмбү шаарындагы Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилиги).


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter