У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токмоктогу “Яндекс.Такси” кеңсесине кол салууга шектелип шаардык кеңештин депутаты кармалды


     Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев «Яндекс.Такси» ишканасынын кызматкерин коркутуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булагына таянып жазып чыкты.
 
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы шектүүнүн өздүгүн тактабастан, кармалган фактыны тастыктаган.
 
«Тергөөнүн жүрүшүндө «Салтанат Кейжи» ЖЧКсынын кеңсесине келгендер Токмок шаарынын аймагында «Яндекс.Go» иш-чараларын ишке ашырууга жана жүргүнчүлөрдү ташуу кызматына каршы экендиктери аныкталган. Кечээ, 9-мартта Чүй облусунун ИИБнын тергөөчүлөрү тарабынан кылмышка шектүү делип 34 жаштагы Ч.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тинтүү учурунда кармалган адамдын жанынан ок-дарылар табылган. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда», - деп жазылат маалыматта.
 
Эске салсак, 26-февралда Токмок шаарында белгисиз адамдар «Яндекс.Такси» компаниясынын расмий өкүлү «Салтанат Кейжи» ЖЧКсынын жакында ачылган кеңсесине киришкен. Алар кызматкерлердин бирин сыртка алып чыгып, кемсинтип, физикалык күч колдонуп, кеңсени өрттөйбүз деп коркутуп, шаардан чыгып кетүүгө мажбурлашкан. Милиция бейбаштык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
 
К. Ч. Инициалы Токмок шаардык кеңешинин депутат Кайрат Чокеевдин өздүгүнө дал келет.  
 
Кайрат Чокеев 2021-жылдын 1-декабрында Ата-Тоо аянтында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууга катышкандардын бири экени маалым. Наарачылык акциясына чыккан Текебаевге бир топ жигиттер кол салышкан. Алар аны уруп, смартфонун тартып алышкан. Факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter