Кайрат Иманалиев кызматынан бошотулду
- 09.03.2023, 16:40,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Кайрат Иманалиев бул кызматта туура жети ай иштеди.
Башкы директорлук кызматка Болотбек Тиллебаев дайындалды. Ал 2019 жана 2021-жылдары директорлукка талапкер болгон, бирок байкоочу кеңеш тарабынан колдоого алынган эмес. Бул кызматка дайындалганга чейин УТРКнын директорунун техникалык маселелер боюнча орун басары болгон.