У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин мурдагы депутат Ирина Карамушкина милицияга чакырылды


 Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин ЖКнын мурдагы депутаты Ирина Карамушкина суракка чакырылды. 
 
Маалыматка ылайык, Карамушкина Чүй облусунун ички иштер башчысы башкырлыгынын тергөө кызматына суракка чакырылган. Анын суракка чакырылуусуна   мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 14-февралдагы маалымат жыйынында 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш окуясына катышуучулардын биринин сөөгү жашыруун жерге берилген деген маалыматтын бар экенин айтканы себеп болгон. 
 
Аталган маалыматты Ирина Карамушкина 2019-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда парламентте айткан.
 
ИИМдин 16-февралдагы маалыматына караганда, бул маалыматты тактоо максатында аталган факт электрондук маалымат журналына катталган.
 
«Текшерүүнүн жүрүшүндө Талас облусунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан 2019-жылы жогоруда аталган адамдын сөөгүн жерге берүү боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, жаран К.М. Кой-Таш окуясы менен байланышы жок экендиги, анын өлүмү кокустуктан болгону аныкталды. Белгиленгендей, ал тоодо жоголгон малын издеп жүрүп, сол бутуна 12 калибрдеги мылтык менен өзү кокусунан ок чыгарып, кан жоготуудан улам каза болгон. Муну чогултулган материалдар жана жакын туугандарынын көрсөтмөлөрү тастыктап турат. Мылтык да алынган. Бул факты боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы менен кылмыштын курамы жок болгондуктан сотко чейинки өндүрүштү токтотуу чечими чыгарылды», - деп айтылат маалыматта.
 
 Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы текшерүүнүн жыйынтыгында Атамбаев менен Карамушкинанын айткандары тастыкталбаганын белгиледи.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter