У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: «Бакиев Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет»


 Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип жатып, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев тууралуу суроого жооп берди.
 
Садыр Жапаровго Бакиев мыйзам чегинде соттолгону жана аны кармагандын ордуна эмнеге жолугушуу өткөргөндүгү тууралуу суроо узатылган.
 
Бул тууралуу президент ѳз сѳзүндѳ: “Ооба, ал киши боюнча “соттолду” деген соттун чечими бар. 13 жылдан бери Беларуска биздин Башкы прокуратура “бизге өткөрүп бергиле” деп төрт жолу суроо-талап жөнөткөн экен. Төрт жолу тең баш тартышкан.
 
Менин жолугушуум боюнча айтсам. Биздин Баш мыйзамыбыз эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2-пунктунда “Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат” деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча болсо, ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет”, - деп баса белгиледи.


Ошондой эле президент эгер Бакиев Кыргызстанга келсе камакка алына турганын айтты.

"Эгеп Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтуруш керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек",-деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter