У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: Мындан ары башаламан курулуштар болбойт


 2020-жылдан бери көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча иштерди иретке салып келе жатабыз. Көзөмөлдү күчөттүк. Кечээ жакында Мамлекеттик курулуш мекемесин реформа кылдык. Мындан ары “бир терезе” болот. Бул тууралуу президент Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде айтты. 
 
Анын айтканына караганда, буга чейин салынган көп кабаттуу үйлөрдүн сапатына кепилдик жок. 
 
“Бизде салынган үйлүргү токтоло турган болсок, биз дагы "Кудай өзүң сакта" деп жашагандан башка аргабыз жок. Союз чачырагандан берки акыркы 32 жылда бир топ көп кабаттуу үйлөр салынды. Союз маалында көзөмөл жакшы болчу. Андан бери көзөмөл начарлады. Айрыкча акыркы 10 жылда салынган көп кабаттуу үйлөрдүн кандай салынганын бир Кудай өзү билет. Эгер кулап калса, анда жашаган адамдардын убал-сообу ошол үйлөрдү салган адамдардын, буга чейинки Мамкурулушка тиешелүү архитекторлордун абийиринде калат”,-деди ал. 
 
Ошондой эле президент мурдагы мэрлер, Мамкурулуш, архитектура кызматкерлери коррупцияга батып кеткенин баса белгилеп, мындан ары башаламан курулуштар болбой турганын билдирди. 
 
“Мурдагы мэрлер, Мамкурулуш, архитектура кызматкерлери аман эле болушсун. Өздөрү кошо коррупцияга кекиртегинен батып кетишкен экен.
 
Азыр эми биз алардын “кирин” тазалап жатабыз. Эми буга чейин салынып баштап бирок анча-мынча бүтпөй калган үйлөрдү гана, эгер кызыл сызыкка кирип кетпеген болсо, аягына чыгарганга уруксат беришибиз мүмкүн.
 
Мындан ары башаламан курулуштар болбойт жана жаңы салынып жаткан көп кабаттуу курулуштардын сапаты толук мамлекеттин көзөмөлүнө алынды”,-деп айтты президент. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter