Чынгыз Капаров: “Сталин убагындай репрессия болуп жатат”
- 24.10.2022, 21:03,
- Саясат / Коом
- 2
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ массалык башаламандык уюштурууга шектелип камакка алынгандардын бири жарандык активист Чыңгыз Капаров сотто эмне себептен камакка алынганы боюнча айтып берди.
Анын айтымында, ал жолугушууга жөн гана Кемпир-Абад суу сактагычы жана аны кантип сактап калуу боюнча маалымат алуу үчүн чакыруу менен келген.
Бул тууралуу: "Бийликти басып алууга даярдыктар тууралуу сөз болгон жок. Мен жөн гана угарман болчумун, жекшемби күнү тинтүү менен келип, мени кармап кетишти", - деди Капаров.
Ал Сталиндин убагындагыдай репрессия болуп жатканын баса белгиледи.
Сот Чынгыз Капаровду 20-декабрга чейин 2 айга 1-СИЗОго камакка алды.