Тилек Текебаев Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
- 03.10.2022, 18:46,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Тилек Текебаев Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул кызматка дайындоо боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Т.Текебаевдин талапкерлиги КР транспорт жана коммуникациялар министри кызматына бекитүү үчүн Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.
Бүгүн, 3-октябрда Эркинбек Осоев министр кызматынан бошотулду.
Т.Текебаев буга чейин Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча аймактар аралык башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген.