Азамат Жаманкулов кызматынан бошотулду
- 03.10.2022, 17:56,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Азамат Жаманкулов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Маалым болгондой, ал өзү жазган арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.
Азамат Жаманкулов бул кызматта 2021-жылдын октябрынан бери иштеп келген. Белгилей кетсек, ал 2018-2020-жылдары маданият министри болгон.