Чар-жайыт иш алып барган чалгындоо ишинин чабалдыгына ким жооп берет. Же эмне биздин өлкөдө төшөк чалгын, кустур чалгын жана контрабанда чалгын эле иштеп калдыбы? Бул тууралуу 28-сентябрда парламенттин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо президентке, элге кайрылып жатып билдирди.
«Мектептер, үйлөр, заставалар талкаланып, өрттөлгөнүн жашыра албайбыз. Баткенде чыр-чатактарды болтурбоо максатында бир жарым жыл мурун парламенттин токтому чыгып, парламент армиянын муктаждыктарына көп каражат бөлгөн. Алар кайда кетишти? Алар эффективдүү жумшалдыбы же жокпу, эч ким жооп берген жок?" – деди ал.
Ал ошондой эле парламенттин жабык жыйындарына каршы пикирин билдирди. Анын айтымында, эл депутаттарды жабык эшик артында иштесин деп шайлаган жок.
«Садыр Нургожоевич, чындык дайыма ачуу болот. Эл сизди үй-бүлөлүк-кландык башкаруудан, чыккынчылыктан, достуктан тажагандан кийин тандады», - деп кошумчалады депутат.
]