Курманакун Матенов кайрадан маанилүү кызматка дайындалды…
- 16.04.2020, 12:16,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Төрага Дастан Жумабеков Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы башчысы Курманакун Матеновду Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы кылып дайындады.
Матенов 24-мартта мас абалда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерин сабап иштен кеткен, мурдагы бөлүм башчы Эрнест Молдошевдин ордуна келди.
Курманакун Матенов Мамлекеттик чек ара кызматын жетектеп турган учурда “мамлекеттен пенсияны мыйзамсыз алып жүргөн” деген айып менен, 2014-жылы кызматтан бошотулган болчу. Кийинчерээк Аскердик соту тарабынан акталган.