У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткен эли жетекчиликке суранып жаткан Эратов Сайитжандын өмүр баяны…


Эратов Сайитжандын өмүр баяны анын фейсбуктагы баракчасынан алынды жана өзгөртүүсүз берилди. 
 
Эратов Сайитжан Саматович, 1974-жылдын 1-июлунда Ош областынын Ноокат районуна караштуу Кыр-Кол кыштагында жарык дүйнөгө келгенмин. Улутум кыргыз. Жеңил атлетика боюнча спорт чеберлигине талапкер деген спорттук наамым бар. Жогорку билимдүүмүн.
 
1991-жылы “Октябрдын 50 жылдыгы” орто мектебин аяктап, Россия Федерациясынын Курган шаарындагы аскердик окуу жайына тапшырып, 1992-жылы Москва областынын Голицыно шаарындагы Федералдык коопсуздук кызматына караштуу чек арачылардын аскер институтуна которулуп, 1996-жылы ийгиликтүү аяктаганмын.
 
Ал эми, 2002-жылдан 2005-жылга чейин Россия Федерациясынын Москва шаарындагы Федералдык коопсуздук кызматына караштуу чек ара Академиясын алтын медаль менен аяктаганмын.
 
2015-жылы Россия Федерациянын Москва шаарындагы Коргоо Министрлигине караштуу Генералдык штабынын аскер Академиясынын атайын курсун бүтүргөнмүн.
 
1996-жылдан 2018-жылга чейин Мамлекеттик чек ара кызматында чек ара заставасынын жетекчисинен тартып Башкы башкармалыктын жетекчи кызмат орундарын аркалаганмын.     2007-жылдан 2010-жылга чейин Баткен чек ара отрядынын жетекчиси болуп үзүрлүү кызмат кылдым. Жалпысынан Баткен областынын аймагында 12 жылдан ашуун кызмат өтөдүм.
 
2011-жылдан 2013-жылга чейин Баткен областынын губернаторунун орун басары болуп эмгектенгем. Чек ара маселелерин дипломатия жолу менен чечкенге аракеттерди жасап, чек арадагы араздашууларды турукташтырганга салым кошконмун.
 
1999 - 2000-жылдары Баткен коогалаңына толук кандуу катышып, көрсөткөн күжүрмөн кызматым жана жеке эрдигим үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык өздүк кол саат менен сыйланганмын.
 
2005-жылы Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматына караштуу чек ара Академиясын артыкчылык менен аяктаганым учун “Алтын медаль” менен сыйланганмын.
 
2006-жылдын 12-майында эл аралык топторду жок кылууда көрсөткөн жеке эрдиги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык “Эрдик” медалы менен сыйланганмын.
 
2009-жылы Баткен районунун Ак-Сай айыл округунун өнүгүүсүнө кошкон салымым үчүн, мамлекеттин чек арасын кайтаруудагы жетишкен эмгегим үчүн “Ак-Сай айылынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган.
 
2009-жылы Баткен областынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымым, чек ара кайтаруудагы күжүрмөндүгүм үчүн “Баткен областынын Мыкты инсаны” номинациясы ыйгарылган.
 
2010-жылы Баткен чек ара отрядынын мыкты күжүрмөн даярдыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык өздүк кол саат менен сыйланганмын.
2010-жылы Баткен шаарынын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымым жана Баткен чек ара отрядынын көрсөткөн күжүрмөн даярдыгы үчүн “Баткен шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган.
 
2010-жылы Ош коогалаңына катышып, көрсөткөн жеке эрдигим үчүн Ички иштер Министрлигинин “Ардак” жана 1-даражадагы “Азамат” медалдары менен сыйланганмын.
 
Мамлекеттик чек араны кайтаруудагы эмгегим үчүн 1 жана 2 даражадагы “Чек араны кайтаруудагы артыкчылыгы үчүн” медалдары менен сыйланганмын. Андан сырткары 20дан ашуун ар кандай Министерство жана Ведомстволордун медалдары менен сыйланганмын.
Үй-бүлөлүүмүн, 2 уул жана 2 кыздын атасымын.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter