Д.М.С. жана С.А.К. аттуу эки жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Д.М.С. жана С.А.К. «Спекулант» ЖЧКсынын башкы директору Россиянын жараны Ш.В.нын ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечип берүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, ири суммадагы акча алышкан.
Бирок алар убадасын аткарбай, алган акчаларын өздөрүнө ыйгарып алуу максатында «Спекулант» ЖЧКсынын башкы директорунун жакындарына кысым көрсөтүшкөн. Ошондой эле республиканын жогорку жетекчилиги жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу менен жеке тааныштыгы бар экенин айтып коркутушкан.
Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү («Алдамчылык») менен КЖБРине катталды.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандар күнөөсүн мойнуна алышкан. Учурда тергөө иштери уланууда.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Спекулант» ЖЧКсы 2017-жылдын 7-мартында каттоодон өткөн. Жетекчиси жана уюштуруучусу катары Щербина Василий Андреевич көрсөтүлгөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жарандарды укук коргоо жана башка органдар менен маселелерди чечүүдө кандайдыр бир жол менен жардам көрсөтүүнү көздөгөн, ошондой эле республиканын жетекчилиги же башка жогорку кызмат адамдары менен жеке байланыштарды бар экенин айтып, алардын атып сатып жүргөн адамдарга ишенбөөгө чакырат.