Министрлик: Атамбаевдин үйүнө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат
- 17.08.2022, 20:13,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылат. Бул туурауу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымат каражаттарына билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жайгашкан Атамбаевдин үйү министрликтин карамагына өткөн.
«Белгиленген аймакка 3 жаштан 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн күнү-түнү иштеген реабилитациялык борборду ачуу жана республикалык бюджеттин эсебинен 100 орундуу кошумча имараттарды куруу пландалууда», - деп билдирген Эмгек министрлиги.