У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: Жылдын аягына чейин райондордо иштеп жаткан судьялар жаңы үйлөргө кирет


Жылдын аягына чейин 40 райондо иштеп жаткан судьялар жаӊы үйлөргө кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августа Жогорку сотто судьялар менен жолугушууда билдирди.

Ал ротацияланган судьяларды кызматтык турак-жай менен камсыз кылуу, облус борборлорунда судьялар үчүн заманбап имараттарды куруу иштери кызуу жүрүп жатканын белгиледи.

«Мамлекет тараптан судьялардын иштөөсүнө бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп беребиз. Андан кийин сиздерден бир гана талап болот, таза жана адилет иш алып баруу», - деди Жапаров.

Садыр Жапаров учурда өлкөнүн 40 облусунда 300дөн ашык турак жай курулуп жатканын, бул үйлөрдү курууга пайдубал түптөлүп бүткөнүн айтты.

«Кудай буйруса жылдын аягына чейин 40 райондо иштеп жаткан судьялар жаңы үйлөргө кирет. Төрагалары гана эмес, иштеп жаткан судьяларга чейин үй менен камсыз болот», - деди президент.

Ошондой эле президент судьялардын ишинин деңгээлин көтөрүү максатында ушул жылдын август айынан тарта айлык акылары көтөрүлөрүн дагы бир ирет белгилеп, сот аткаруучулар менен сот приставдар үчүн кызматтык автоунаа менен камсыздоону чечүү маселеси каралып жатканын кошумчалады.

«Бул багытта мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша мындан башка көптөгөн иштер аткарылып, колдоо көрсөтүлүп турат», - деди ал.

«Сот реформасындагы негизги жана эң маанилүү кадам бул – судьялардын кынтыксыз иштешин, сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу менен элдин үмүт-тилегин актоо деп эсептейм. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жетекчилигине сот системасында түзүлгөн жагымсыз кырдаалды жөнгө салуу; судьялар менен байланышкан терс көрүнүштөрдү жоюп, элдин ишенимине ээ болуу; жалпы системаны туңгуюктан чыгарып, алдыга жылдыруу жана судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөө милдеттери жүктөлгөн», - деп билдирди Садыр Жапаров.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter