Август айынан тартып депутаттардын айлыгы 100 пайыз көтөрүлө турганын Ырыс Жекшеналиев фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Депутаттардын айлыгын көбөйтүүнүн эмне кереги бар?
Парламенттин негизги 3 милдети мыйзамда каралган:
1. Мыйзам чыгаруу;
2. Мыйзамдарды көзөмөлдөө;
3. Өкүлчүлүк.
Азыркы парламентти эки сөз менен сыпаттасак:
1. Бир адамдын «жеке лавочкасы»;
2. «Бийликтин нотариалдык конторасы»;
3. Элдин эмес бийликтин өкүлү.
Жаңы кабыл алынган Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары эбегейсиз, парламент ыйгарым укуктары мурунку чакырылыштан дагы алсыз. Азыркы парламенттен радикалдуу кадамдарды күтүүгө дагы мүмкүн эмес.
Минкаб төрагасы, орунбасарлары депутаттарды зекип, коркутуп каалаган мыйзамын өткөрүп кетип жатат. Кыргыз Парламенти мынчалык деңгээлде төмөн түшкөн эмес.
Айтсак, Кумтөр, Казино, Жетим-Тоо, 39-Протокол, 309-Протокол, Кемпир-Абад боюнча, Бюджет, мамлекеттик-стратегиялык мекемелердин бири-бирине кошулушу (Дастан, Мегаком, КыргызТелеком, Евразиялык сактык Банкы), 1,5 жылда алынган 758 млн. $ кредит ж.б. сыяктуу маселелер эч бир талкуусуз, талашсыз парламентте өтүп жатканы кооптонтот. Эл ишенип шайлап жиберген өкүлдөрү элдин талабын уккан жок.
Эми жогорудагы жазганды эске алганда депутаттар бийликке кулдук урганы үчүн айлыктары ушул август айынан баштап 100% көтөрүлөт. Башкача айтканда президенттик башкарууда жашап жаткан өлкөнүн эл шайлап берген бийликтин 90 депутатынын маянасын көбөйтүп эмес кыскартыш керек! Албетте, токсондун тогузу элдин депутаты...
Депутаттар күзүндө сабиз жапкыла деп 80 миң сомдон аларын көбүңөр биле бербесеңер керек? Өткөн чакырылышта айына 200 миңге чейин алып турган ырчы Ибрагим Жунусов болгон. Бул чакырылышта андай жок дейсиңерби? Ырчы-чоорчу, сутенер, циркачы четтен чыгат. I; II; III даражадагы сыйлыктын лауреаты, райондук грамотанын ээси, эл менен жолугушуусуна, мамлекеттерге саякаттоосуна, ГСМге, жардамчы, кеңешчиси, айдоочусуна деп отуруп дагы көп суммадагы акча каражаты кошулуп берилет. Бери жагы эң аз дегенде 100-150 миң сом ай сайын алганы турушат.
Мурдагы бийлик элди түндүк-түштүк кылып бөлсө, булар элге бай-кедей деген дубалдын сокмосун согуп жатышат. Миңдерди кой, 100-150 сом азыркы учурда кыргызстандыктардын көпчүлүк бөлүгүнүн күнүмдүк оокаты. Кара чай, бир бөлкөнү бөлүп жеген үй-бүлөлөрдү көрүп жүрбөйбүзбү. Азыркы парламенттегилер 93% бизнесмен, көпкөн көпөстөр отурат, бул бийлик буларды дагы каягына жыргатат?»,-деп жазды ал.