Кытай Кыргызстандын Коргоо министрлигине 50 млн юанга аскердик жардам көрсөтөт
- 27.07.2022, 14:38,
- Саясат / Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кытай Кыргызстандын Коргоо министрлигине 50 миллион юань (азыркы курс боюнча 598 миллион сом) өлчөмүндө аскердик жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, макулдашуу 2022-жылдын февраль айында президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында түзүлгөн.
«Баары биздин өлкөбүздөн көз каранды, биз кандай арыз беребиз. Балким, бул техникалык жардам болот. Бул маселе дагы эле талкууда», - деди ал.