У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нарындын мурдагы губернаторунун камалганы белгилүү болду


Нарын облусунун мурдагы губернатору Адылбек Эсенбеков июнь айынан бери камакта отурат. Бул маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») боюнча шек саналып кармалып, Жазаларды аткаруу кызматынын облустагы тергөө абагына киргизилген.

Милиция окуянын чоо-жайын кенен маалымдаган жок. Эсенбековдун жакындары, жактоочулары менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду.

Адылбек Эсенбеков 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Нарында «элдик губернатор» болуп бир нече ай иштеген. Кийин ал Нарын райондук суу чарба департамент башкарган. Нарындагы саясий-коомдук окуяларга активдүү катышып келет. 
Булак: «Азаттык»
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter