У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эми шайлоочулар депутаттын мандатын артка чакыртып алуу укугуна ээ болушат…


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Ага ылайык депутаттар бири-бири үчүн добуш бере алышпайт жана депутаттын мандатын шайлоочулар чакыртып алуу укугуна ээ болушат. 

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Марлен Маматалиев бул туурасында:

- Эми депутаттар бири-бири үчүн добуш берип, кнопка баса алышпайт, добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун манжалардын тактары жана беттин геометриясы боюнча таануу функциясын пайдалануу менен ачык добуш берүү болот. Тил кат менен добуш берген жокко чыкты. 

Мандатты эл бергендей кийин эл эми кайра артка чакыртып алса болот. Депутаттын позициясына карап мандаты чечилип калбашы керек. Бир мандаттууларга өзүнүн округундагы шайлоочулардын 50% колу керек. Ал шайлоочулар ошол округда бир жылдай жашашы шарт. Бир күндө кол койгон кишилерди бир аймакка каттатып алышы мүмкүн. Уюштуруучу топ Юстиция министрлигине билдирүү калтырышы шарт. Бир мандаттуу округдан 50 миңден ашык кишинин кол топтолуп, Жогорку Кеңешке келет. Парламентте комиссия түзүлүп, жалпы жыйында чечим кабыл алынат. Ал эми партия боюнча келген депутаттын мандатын алуу үчүн өлкө аймагындагы 70 миңдей кол чогултулат. Жогорку Кеңешке келгенге чейин партия дагы чечимин чыгарат.
Мурда 30 жолу себепсиз ишке келбеген депутаттар мандатынан ажырачы, азыр 10го кыскартылды,  - деп билдирди. 

Ырасында, колдоого алаарлык мыкты демилге. Азыркы депутаттардын арасынан Марлен Маматалиев жигердүү иштеп, алгылыктуу сунуштарды көтөрүп, талыкпай эмгектенип жатат. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter