Жогорку Кеӊештин депутаты Таалайбек Сарыбашовго оӊтойсуз суроолор?..
- Таалайбек Насирбекович, Жогорку Кеӊештин депутаты болгондон бери үнүӊүз чыкпайт, деги барсызбы? Же мыйзам жазганыӊыз билинбейт, же элдин көйгөйүн көтөрүп сөз сүйлөгөнүӊүздү көрбөйбүз. Жасалма пиар жасаган дооруӊуз бүтүптүрбү? Мыйзам жазганга, олуттуу маселе көтөргөнгө билим, анан мээ керек бекен? Деги кандай максат менен депутат болдуӊуз эле? Эл өкүлү болуш колуӊуздан келбесе, дареметиӊиз жетпесе, мандатты тапшырып берсеӊиз кантет?
Ансыз да депутат болоордо, (Ошко мэр болоордо дагы) дипломуӊуз жасалма деген шек жаралып, тилекке каршы, токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет болуп, бийликтин арыгын чапкан амалкөйлүгүӊүздүн негизинде суудан кургак чыктыӊыз эле, чынбы? Чындап 1995-жылы Ош техникумун аяктаганыӊыз тууралуу дипломуӊуз жасалма экени ыраспы? Журналисттерге «дипломум айылда калып калыптыр» деп жаш баланын шылтоосун айткан жоругуӊузга уяласызбы? Уялбасаӊыз, айылдан качан алып келип, Жогорку Кеӊештин трибунасынан көрсөтүп мактанасыз?
Баса, Россиянын жараны экендигиӊиз боюнча дагы чоӊ чуу чыкты эле? Кызыгы ал жакта таксист болуп жүргөнүӊүздө, ити чөп жеп турган кайран шоопур Икрам Илмияновдун кудурети менен "шоопур шопурду алыстан тааныйт" болуп, мамлекеттик маанилүү чиновник болуп чыга келгениӊизди моюнга аласызбы?